Максатбек ажы Токтомушев

Максатбек ажы Токтомушев 1973-жылы 9-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында төрөлгөн.

Билими:

1991-1995 — Айыл чарба институтунда зооинженер адистиги боюнча билим алган.

1997-2003 — Ханафий масхабы боюнча Пакистандагы «Аль-Арабия» университетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

2010 — Ислам экономикасы жана банктык иш боюнча билимин жогорулаткан.

Эмгек жолу:

2005-2013 — «Абдулла ибн Масуд» медресесинде окутуучу

2008-2010 — Бишкек шаарындагы 7-кичи районундагы мечитте имам

2010-2013 — Бишкек шаарынын казысы

2013—2014 — Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары

2014-жылдан тарта Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи

Үй-бүлөлүү төрт уулу, эки кызы бар.

Кыргыз, орус, араб, урду тилдеринде эркин сүйлөйт.