Максатбек ажы Токтомушев 1973-жылы 9-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында төрөлгөн.
Билими:
1991-1995 — Айыл чарба институтунда зооинженер адистиги боюнча билим алган.
1997-2003 — Ханафий масхабы боюнча Пакистандагы «Аль-Арабия» университетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
2010 — Ислам экономикасы жана банктык иш боюнча билимин жогорулаткан.
Эмгек жолу:
2005-2013 — «Абдулла ибн Масуд» медресесинде окутуучу
2008-2010 — Бишкек шаарындагы 7-кичи районундагы мечитте имам
2010-2013 — Бишкек шаарынын казысы
2013—2014 — Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары
2014-жылдан тарта Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи
Үй-бүлөлүү төрт уулу, эки кызы бар.
Кыргыз, орус, араб, урду тилдеринде эркин сүйлөйт.