Жоробай ажы Шергазыев

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы  Шергазыевдин кыскача өмүр таржымалы

Жоробай Шергазыев 1974-жылы 27- августа   Баткен облусунда жарык дүйнөгө келген. 1992-жылы Баткен районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Бишкектеги «Хазрат Умар» атындагы медресеге тапшырып, белгилүү дин аалымдары болгон Молдо Хашим жана Молдо Газылардан сабак алып, Кыргызстан мусулмандарнын  диний башкармалыгы тарабынан Египеттеги бүткүл дүйнөлүк «Ал-Азхар» университетине жөнөтүлгөн. 2004- жылы «Ал-Азхар»  университетинин «Шариат» факултетин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылдары «Ал-Азхар» университетинин магистратурасында өзүнүн билимин жогорулаткан.  2006-2009-жылдары Египеттин муфтиятындагы үч жылдык атайын фатва берүүгө даярдоо окуусун ийгиликтүү аяктап, ошол муфтиятта  2009-2010 жылы тажрыйба алуу максатында бир жыл эмгектенген. 2013 -2015 жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин “Чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар” факултетинин магистратурасын аяктаган.

2010–жылы Кыргызстан ислам университетине мугалим болуп эмгектенген.
2011-жылдан тарта «Ыйман» мечитине имам хатиб, 2011-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнө адис эмгектенсе,  2013-жылдан тарта  фатва бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.  Ал эми  2016-жылдын феврал айынан тарта  Азрети муфтийдин орун басары кызматын аткарып келүүдө