Ош облусунда ажылык сапарга баруучу 1500дөн ашуун жаран ажылыктын шарияттагы ордун үйрөнүшүүдө

Ош облусунда ажылык сапарга баруучу 1500дөн ашуун жарандарды окутуу иштери жүрүп жатат
Ош облусунда ажылык сапарга баруучу 1500дөн ашуун жарандарды окутуу иштери жүрүп жатат

Muftiyat.kg/ 26.06.2018 / Ош облусунун аймагындагы 2018-жылдагы ажылык сапарга аттанган зыяратчыларга жана ажы башчыларга окутуу иштери башталды. Аталган окуу семинары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүмунүн башчысы Равшан ажы Эратов, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана ажылык сапарды уюштурууга Ош облусу боюнча жооптуу адис Акжол кары Бакировдор тарабынан бекитилген графиктин негизинде райондордун борборлорундагы мечиттерде өтүлүп жатат. Семинардын жүрүшүндө зыяратчыларга ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эрежеси менен кийүү, курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын кыйынчылыктарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны айлануу эрежелери үйрөтүлүүдө.

 

Зыяратчыларга ажылык сапар учурунда ибаадат жасоону шарият көрсөткөн тартиптен чыкпай жасоо жана Сауд Арабия мамлекетинин ажылык учурундагы коюлган эреже тартиптерин, мыйзамдарын тереңдетип үйрөнүүсүнө басым жасалып, убакытты так сактоо жана жоопкерчиликтүү болуу милдеттери түшүндүрүлүүдө. Бул иш-аракеттер ажылык зыяратты аткаруудагы кемчиликтерди кетирбөөгө жана ажылык сапарды жогорку деңгээлде уюштурууга жардам бермекчи-деди Равшан ажы Эратов.  

Эскерте кетсек, аталган окуу семинарлары Ош облусунун аймагындагы жети райондо уюштурулуп, ажы башчылар да өз алдынча кошумча сабактарды өткөрүп жатышат.