Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Өзбекстан, Тажикстан, Эстония, Литва жана Кытай мамлекеттеринин Азирети Муфтийлери менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстан, Тажикстан, Эстония, Литва жана Кытай мамлекеттеринин Азирети Муфтийлери менен жолугушуп, кызматташуу алакаларын жакшыртуу, тажрыйба алмашуу, окуу жаатында иш алып баруу, достук алакаларды бекемдеп, Исламдагы туризм тармагын өнүктүрүү жаатында  пикир алышты.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев бардык Азирети Муфтийлерге ыраазычылыгын билдирип, “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференциянын жогорку деңгээлде өтүшүнө салым кошкондору жана активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун соңунда тараптар белек-бечкектерин тапшырышып, бири-бирине ыраазычылыктарын жана жылуу пикирлерин айтышты.