Ош облусунда 90 үй-бүлөгө курман айтка карата кайрымдуулук жардамдары таратылды

Бүгүн, 22-август күнү Ош облустук казыяты жана “Ислам жигиттери” коомдук кайрымдуулук фонду биргеликте уюштурган “Чындыгында момундар бир тууган” аттуу кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакиров жана “Ислам жигиттери” коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасынын орун басары Темирлан Токоев катышып, жалпы облус аймагынан чакырылган жарандарды курман айт майрамы менен куттукташты. Иш-чаранын жүрүшүндө турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж деп эсептелген 90 үй-бүлөгө Курман айт майрамынын алкагында азык-түлүк баштыкчасы жана курмандык эттери таратылды. Жалпысы ар бир жаранга 3 килограммдан эт, күрүч, кесме, чай, туз, кумшекер, май, самын, ширенке жана башка майрамдык таттуулар тапшырылды.  Мындай саамалыкка ыраазы болгон тургундар Ош облустук казыятына жана “Ислам жигиттери” коомдук кайрымдуулук фондуна ыраазычылыктарын билдиришти.

Ош облустук казыяты жыл башынан бери эле ар түрдүү кайрымдуулук иштерди уюштуруп келе жатабыз. Бул ирээт да “Ислам жигиттери” коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте демилге көтөрүп, казыяттын өзүнүн эсебинен жана демөөрчүлөрдү табуу жолу менен улуу курман айт майрамына карата Курмандык чалып, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөр үчүн майрамдык маанай тартуулоону пландаганбыз. Буюрса мындай иш-чараларды жакынкы күндөрү балдар жана карылар үйлөрүндө уюштурабыз, –деди Акжол кары Бакиров.

Эскерте кетсек, “Ислам жигиттери” коомдук кайрымдуулук фонду ушул жылдын башында кайрымдуулук жасоо максатында фонд катары түзүлүп, жүздөн ашык кайрымдуу жана демилгечи жаштарды мүчөлүккө алышкан.