Ош облусундагы 200гө чукул мечитте айт намазы окулат

Бүгүн, 16-августта Ош облустук мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакировдун жетекчилигинде облус аймагындагы райондук башкы имам хатиптердин жана казыят кызматкерлеринин катышуусунда   жыйын болуп өттү. Жыйында  Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын курман айт майрамын жогорку деңгээлде уюшкандыкта өткөрүү боюнча тапшырмасы боюнча маселелер каралып,  Акжол кары Бакиров башкы имам хатиптерден айт намазын өткөрүү боюнча аткарылуучу иштерди талкуулады.   Мындан сырткары  курмандык чалуу иштерин уюштуруу жана айт намазын окууга келген жарандар үчүн мечиттерде тиешелүү шарттарды түзүү жана айт намазынын программасынын алкагында курман айт майрамына  тиешелүү баяндарды элге түшүндүрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле Азирети Муфтийдин буйругунун негизинде айт намазын окуу 2018-жылдын 21-август күнү таңкы саат 07:45те окулуусун эскертип, убакытты так сактабаган мечит имамдарына жана башкы имам хатиптерге чара көрүлөөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, айт намазы Ош облусунун аймагындагы 200гө чукул мечитте окулмакчы.