Баткен шаарынын 1979-жылы туулган жаштары “Чет-Булак” айылына заманбап мечит куруп беришти

Баткен шаары жана Баткен районунун 1979-жылы туулган жаштары  өз каражаттары менен Баткен шаарынын “Чет-Булак” айылына заманбап мечит куруп беришти. Мечиттин салтанаттуу ачылыш аземине Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби Арзыкулов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев,  Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев, Жалал-Абад облусунун казысы  Абдулазиз каары Закиров, Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана башка дин кызматкерлери ошондой эле ар тараптан келген коноктор катышышты.

Саамалык алкагында дин аалымдары мечит  адамдын адеп ахлагын, кулк-мүнөзүн оңдоп, тарбия алуучу жай экендигин айтышып, мечитке келген жарандар Жараткандын алдында бай же кедей, түсүнө, улутуна карбастан бирдей болоорун баса белгилешти.

Мечиттер эл ортосундагы ынтымакты, улуттардын арасындагы достукту бекемдей турган жай катары болуусу керек.  Бул мечит Жараткандын ыраазычылыгына жетүү максатында салынып, ошол эле учурда элибизди  жакшылыкка үйрөнүп, жамандыктан арылтуучу, ынтымакты бекемдөөчү эң негизгиси амал үзүлбөгөн мечиттерден болуусуна тилектешпиз,-деди демилгечилер.

Ал эми Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун  айтымында жаңы ишке берилген “Чет-Булак” мечити 200-300 кишиге ылайыкташтырылып, Баткен шаарындагы 18чи мечит болуп эсептелинет.