Нарын казыятынын тарыхы

Нарын облусунун мусулмандар казыяты 1996-жылы Уламалар Кеңешинин курултайында каралып, казыят болуп ачылууга чечим кабыл алынып, ошондон бери өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Казыяттын карамагында 5 райондук жана 1 шаардык хатиябият, 150 мечит, 137 имам жана 2 медресе бар. Нарын казыятынын имараты 1991-жылы 2 кабаттуу болуп курула баштап, 1993-жылдын 14-ноябрында ачылып, мечит катары колдонулуп келген. Казыят ачылгандан тарта ушул күнгө чейин Нарын шаарынын борбордук Азирети Али мечитинин алдындагы биринчи кабатты кеңсе катары колдонуп келет. Казыяттын жалпы 4 кеңсеси жана бир жыйындар залы бар.

 Нарын облусунун мусулмандар казыятын жетектеген казылар

1996-1999-жылдарда Тойчубай Ишенов
1999-2003-жылдар арасында Нематулла Жээнбеков
2003-2010-жылдарда Таалайбек Жакыпов
2010-2011-жылдарда Замир каары Ракиев
2011-жылдын  сентябрь айынан бери Мамбетасан Ибраев казылык милдетти аракалап келүүдө.